Тагдыр берген омур кечи, танынан,
Таткан барбы эн бир ширин балынан.
Сонун, сулуу ошончонун ичинен, ай
Боюнда бар аял сулуу баарынан!
Кайырма:
Урпак улап адамзатка элине
Мээрим чачып тирүүлүктүн демине
Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай
Боюнда бар аял сулуу деги эле.
Эңсөөлөрдү жакшылыкка коштотуп
Эртеңкинин үмүтүнө от кошуп
Жан бүткөнгө жашоо берген эненин
Жер шарына турганына көр окшошуп
Кайырма:
Урпак улап адамзатка элине
Мээрим чачып тирүүлүктүн демине
Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай
Боюнда бар аял сулуу деги эле.
Менде кабар, жакшы тилек бир үзүм
Туюкбайым бактым, нурлуу үмүтүм.
Эл намысын коргогон эр чыкса деп, ай
Төрөлүшүн күтүп жүрөм күнү-түн.
Кайырма:
Урпак улап адамзатка элине
Мээрим чачып тирүүлүктүн демине
Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай
Боюнда бар аял сулуу дүйнөдө!
Боюнда бар аял сулуу дүйнөдө!
Сыймык Бейшекеев — Боюнда бар аял сулуу тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 5523