Жүрөктөгү арзуумду кимге арнасам
Жүзү сүйкүм сулууга бүгүн барбасам.
Жылмайышып сулуулар кашын серпишет
Байкамаксан болушат, бирок сезишет.
Көк көйнөкчөн көлдүк кыз, көңүл буруңуз
Көрмөксөнгө салбастан, колду сунуңуз.
Нары баспай, нарындык кыз сөздү угуңуз
Наар албай, ырдап берем угуп туруңуз.
Кыздар турган жатакана сулуу көрүнөт
Кызып алып, сөз айталбай оюм бөлүнөт.
Кыйнабастан сулуулар уккулачы
Кыйкырсам да, үнүм чыкпай, жүрөк сөгүлөт.
Тармал чачтуу таластык кыз, не үндөбөйсүз
Таарынгансып, унчукпай көңүлдөнбөйсүз.
Чүрөктөйсүң чүйлүк кыз, даай албайсың
Жүрөктөсүң, а бирок колуң кармайын.
Айта албастан арзуумду кетип каламбы..
Алик албай койдуңарбы, айткан саламды.
Ак сүйүүгө жооптор жазып койгулачы
Кыздары жок бул дүнүйөң капкараңгы.
Бажырайган баткендик кыз, жандай албаймын
Айткан сөздү терең деп, аңдай албаймын.
Оромолчон оштук кыз ойлонбосоңуз
Олтурайын жаныңызда боенбосоңуз.
Жылмайышып сулуулар, кашын серпишет
Байкамаксан болушат, бирок сезишет.
Жалжылдаган жалалабаддык сулуу периштем
Жаркылдайсың мүчө-башың төп келишкен.
Томсорбогун токтогулдук менин жердешим
Тоготпойсуң айтпасам, өзүң сезбейсиң.
Кымча белдүү, акылдуу, ай нурлары
Кымбатсыңар кыргызымдын сулуу кыздары.
Кымча белдүү, акылдуу, ай нурлары
Кымбатсыңар кыргызымдын сулуу кыздары.
Асылсыңар, кыргызымдын сулуу кыздары!
Эээх, сулуу кыздары!
Сыймык Бейшекеев — Кыргызымдын кыздары тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 10500
Сыймыктын кыргызымдын кыздары деген ырдын тексын чыгарып койгулачы
Жагат