Суранса укпас сөзүн далайдын,
Суулардай аккан күндү самаймын.
Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм,
Сени алып келчү жолду караймын.
Кайырма:
Жакшынакайым, жарк деп элесиң,
Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң?
Жашыл жарык нур жааган жол менен,
Качан келесиң, эми качан келесиң?
Кантейин күткөн кездердин көбүн,
Каалабайм сенден өзгөнүн демин
Карагым келип, караның издеп,
Карайып барат көздөрүм менин.
Кайырма:
Сүйгөнүм, бүттүм, тушалып деги,
Сүйүүсүз жашап, утабыз нени?
Кубаты сыйкыр үмүтүм элең,
Кучактап алды кусалык мени.
Кайырма:
Сыймык Бейшекеев — Жакшынакайым тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 56399
Эн соонун
Абдан соонун
Эн сонун
Соз жок
Абдан сонун ыр! Ушул ырдын авторуна терең таазим!
Жоёк
Абдан сонун ыр! Ушул ырдын авторуна терең таазим!
Эң соонун ыр