Цыган кыздын апасы өлүп калып, ал апасын ойлогон сайын буркурап боздойт. Бир мерте аны тай эжеси щавель терип келүүгө токойго жөнөтөт.

Кыз жолдо баратып, апасын эстеп ыйлайт:

– Жаным апа, сенсиз кантип жашайм? Кантип?..

Күтүүсүздөн бирөөнүн колу ийинине тийгендей болот арттан. Кылчайып, жүрөгү шуу дейт. Маңдайында сакалы аппак, көйнөгү узун, белин кендир жипке жууп алган зор денелүү карыя турат. Анын колдорун түктүү жүн басып кетиптир. Карыя кызга айтат:

– Коркпо менден. Ыйлаба. Апаңдын жанын кыйнайсың. Сенин ыйыңды басууга, мынабул ташты берем. Жөн таш эмес бул, сыйкырдуу таш. Муну тиктеп турсаң, кайгың дароо унутулат.

Кыз тызылдаган бойдон үйүнө качып жөнөйт. Буту үзүлгөнчө жүгүрүп баратып кулап, уктап калат. Үч күн былк этпей уктайт. Төртүнчү күнү ойгонсо – эсинде эч нерсе жок. Уучун ачса, алаканында бир укмуштуу жылмакай таш бар экен, жарыкка да кубулуп турма. Аны көргөн кыз кайгы-муңдун баарын ошол замат унутчу болуптур.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алтын балык17
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)16
Көмөч нан (колобок) жомок14
Акылдуу кыз11
Жетим менен сыйкырчы жомок11
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок10
Кыска жана күлкүлүү жомоктор9
Дервиштин кызы7
Жарык жол7
Акылдуу балдар5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *