Күндө бир күндө кездешем,
Күлө бир карап беттешем.
Оорулуу болуп жүрбөйүн,
Ойдогу сырды чечпесең.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Басып өттүк, кыр калды,
Балалык бизден уурдалды.
Өмүр кыска, жол узун,
Өткөрбөйлүк кырдаалды.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Карыйбыз улам күн өтсө,
Кабакка булут түнөтпө.
Туйдуң бекен, жок бекен,
Турганың дайым жүрөктө.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Кебездей жумшак мүнөзүң,
Келтирет бакыт күбөсүн.
Калыптанган эмедей,
Каректе калды сүрөтүң.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Күлүп койчу жылмайып.
Токтобек Асаналиев — Карап бир койчу тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 763