Бизда жапжаш болгонбуз
Эй кыздар эй кыздар
Ысык суукка тонгонбуз
Эй кыздар эй кыздар
Жакшы заман туш болуп
Жарашып бир толгонбуз
Талаа түзгө көп чыгып
Арпа буудай оргонбуз
Арманы жок жаштыкка
Аздыр көптүр тойгонбуз
Бизда жапжаш болгонбуз
Азыр силер бактылуу
Эй жаштар эй жаштар
Айтканыбыз жактыбы
Эй жаштар эй жаштар
Турмуш деген ушундай
Көрдүк жаман жакшыны
Баалап барктап калалы
Өмүр деген ак кууну
Ийлеп таппай калабыз
Азыркыдай бактыны
Дайым болсун жакшылык
Жакшылык жакшылык
Өркүндөйлү жакшырып
Жакшырып жакшырып
Өмүр деген токтобойт
Ойдо жактан шаштырып
Жан дүйнөңдү каарытпа
Жакшынакай жаш доору
Алды жакка жылалы
Ак тилекти баш кылып
Токтобек Асаналиев, Санжар Төрөгулов, Максат Кыштобаев, Майрамбек Осмонов — Өмүр сапары тексти
Датасы: 10.12.2022 Көрүүлөр: 7821