Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм,
Күр-шар эткен океандай дүбүртүң.
Толкунуңда ала-салаа, жиреймин,
Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн.
Ойлонуп кээде жатамын, жатамын,
Кең дүйнө таарыйт, капамын.
Бирок да сүйүп өмүрдү, өмүрдү, өмүрдү
Жашагым келет, жашагым.
Адам деген күйүп-бышып сыналат,
Аздан көпкө өмүр сүрө куралат.
Жарык дүйнө канча катаал болсо да,
Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат.
Өмүрдүн суусун татамын, татамын,
Өткөрүп жыргал, азабын.
Өмүрдүн терип гүлдөрүн, гүлдөрүн, гүлдөрүн,
Жашагым келет, жашагым.
Өмүр жылат жолу кыска, жолу узун,
Адам жашайт кар-муз каптап конушун.
Жер титиреп, зоо куланат, сел жүрөт,
Бирок жашоо, неге мынча сонунсуң?
Ак тилек арбын жазармын,
Ажалдан кайда качамын?
Бирок да сүйүп өмүрдү, өмүрдү, өмүрдү
Жашагым келет, жашагым.
Токтобек Асаналиев — Жашагым келет тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 3377