Эстей берем унута албай элесиң,
А сен, апа, түбөлүк сыз жердесиң.
Куса болуп бейитиңе келгенде,
Кайрат кыл деп жүрөккө дем бересиң.
Алтын апам, кымбат элең биз үчүн,
Асыл элең ага-тууган, эл үчүн.
Балдарым деп төккөн эне мээримиң,
Бакыт эле, ырыс эле биз үчүн.
Алтын апа, кеттиң неге эртелеп?
Баса албадың небереңди жетелеп.
Кайгы басып, боздоп ыйлап буркурап,
Кала берди балдарың бой жете элек.
Урмат көрүп жашаар кезде ачылып,
Апакебай, сенден калдык айрылып.
Балдарым деп айткан насаат сөздөрүң,
Унутпастан биз эстейбиз кайгырып.
Укта, апа, гүл кучактап уктагын,
Биз ыйлайбыз, бирок аны укпагын.
Периштелер гүлзарынан узаткан,
Атыр жыттуу бейиш гүлүн жыттагын.
Топчубай Айтмаматов — Арман ыры апакем тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 4705