Сени ойлойм ушул мүнөт азыр да,
Жоодураган көздөрүңдү сагынам,
Басып келип колдорумду кармалап,
Туруп турчу бир мүнөткө жаныма,
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Асмандагы ак жылдыздай жаркырап,
Мөлтүр булак аккан суудай шарпылдап
Сенин сүйкүм сенин назик элесиң,
Ээлеп алды жүрөгүмдү таңуулап.
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Жаштар жүрөт көчө аралап басышып,
Эч капасыз көңүлдөрүн ачышып.
А мен жалгыз жүрөм азыр көчөдө,
Жүрөгүмдө сүйүү оту чачышып.
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң, кайда үйүң?..
Тургуналы Нурматов — Сени ойлоп тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 799