Турмуштук жомоктор

Акылсыз хан
Акылсыз хан
06.02.2018 11
Мурунку өткөн заманда малы көп, акылы аз бир хан жашады. Хан бир күнү ойлонуп отуруп, уулун чакырып: — Балам, палан жерде, бакыр...
Толук окуу
Жээренче чечен
Жээренче чечен
06.02.2018 7
Мурунку өткөн заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче аттуу киши болду. Анын Төлөмырза делчү уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала»...
Толук окуу
Алдаркөсөөнүн аңгемеси
Алдаркөсөөнүн аңгемеси
06.02.2018 8
Эзелки заманда, эртеги кабарда, Жаныбек деген хандын тушунда, жерге батпас, бекер жатпас бир бала чыкты. Баланын аты — Чагатай. Ал жаш кезинен...
Толук окуу
Булардын кайсынысы чоң
Булардын кайсынысы чоң
06.02.2018 5
Булардын кайсынысы чоң аудиосун угуу Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып,...
Толук окуу
Алтын шакек
Алтын шакек
06.02.2018 15
Өткөн заманда, уккан уламышта, карылыгы жеткен кемпир-чал тердик бетиндей жерге таруу сээп, чоң суунун боюнда жашаган экен. Алардын Акжүрөк аттуу жалгыз баласы...
Толук окуу
Өнөрү бар мышык
Өнөрү бар мышык
06.02.2018 6
Өткөн заманда Сулайман аттуу бай адам жашап, анын жападан жалгыз уулу болуптур. Атасы уулуна кеп акыл айтып, кеңеш берсе, уулу кулак какпайт....
Толук окуу
Ырыс алды — ынтымак
Ырыс алды — ынтымак
06.02.2018 81
Качандыр акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт...
Толук окуу
Сүйлөбөс кыз
Сүйлөбөс кыз
06.02.2018 9
Өткөн заманда бир хан болуп, анын акыл кошкуч мыкты вазири бар экен. Хан да, вазир да бала көрбөй, көпкө чейин зарлап жүрүштү....
Толук окуу
Асан жана үсөн
Асан жана үсөн
06.02.2018 13
Өткөн заманда Асан жана Үсөн деген эки баласы бар Сулуучач аттуу аял күйөөсү өлүп, жесир калды. Мунун өтө сулуулугуна кызыгып, эми хан...
Толук окуу
1 8 9 10

Турмуштук жомоктор балдарга турмуштук тажрыйбаны көгөзөт, ага акылмандыкты, айкөлдүктү жөнөкөй жана түшүнүктүү формада түшүндүрөт. Алар балаңыздан гармониялуу инсанды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Турмуштук жомоктордун окуялары турмушта болушу мүмкүн­ болуп сезилет, бирок алар чындыкка негизделбейт, жомоктук сүрөттөө жана образ түзүү жолу тандалат. 

Эң негизги жомоктун касиети — окуялуулугу, ошол окуянын кызыктуулугу, түшүнүүгө жеңилдиги. Жомокторду адамдар ушундай болсо деген тилектен улам чыгарган, алардын каармандарынын каршысында кандай кара күчтөр турса да, кыйналып-кысталып жүрүп акыры жеңип чыгат. 

Андыктан да анын башкы каармандары жетим бала, жетим кыз, жалгыз бала, бир кемпир-чал, акылдуу дыйкан, таз бала ж. б. бей-бечаралар болот, алар акыры максат-муратына жетип, «жыргап-куунап» жашап калат. 

Ошондой эле алар балдарды ой жүгүртүүгө жана ойлонууга, фантазияны, кыялданууну, интуицияны жана логиканы өнүктүрөт. Мындай жомоктор баланы туура чечимдерге жана иш-аракеттерге үйрөтөт.

Балага ойлонууга жана чыр-чатактарды чечүүнүн туура жолдорун, кыйынчылыктарды жана коркуу сезимдерин жеңүүнүн жолдорун табууга мүмкүндүк берет.

Турмуштук жомоктор: 24 комментарий

  1. Саламатсыздарбы,бизге да жакты жакшы экен.Балдарым менен чогу окуп жатабыз.

  2. Эн сонун жомоктор, сумолок жонундо жомок таппай койдум мумкун болсо кошуп койсонуздар

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *