Бир күнү кечинде түлкү өзүнүн курсагы ачканын сезет да, үңкүрүнөн чыгып, токойдон бир балээ издемек болот. Эси оогончо издеп, өзөк жалгай турган эч нерсе таппай чарчайт.
Кечээтен бери оозуна наар ала элек үчүн – арстанга оозундагы ырыскысын тарттырып жибергенин эстеп, жини ушундай кайнайт. Арстанга каарданат. Кечээ ал токойдон алыс эмес жерден бак башындагы өрдөктү жолу болуп уурдай качкан, бирок арстандын ырылдаганын угуп калды. Өрдөктү аргасы жок арстанга таштап, өзү безип кутулган.
Агер арстан болбогондобу, кампайып тоёт эле да. Заары башына чыкты. Туш келди бараткан түлкү алдынан арстанды көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Денесин калтырак басты, бирок өзүн карманды:
– Арстан, тез кач! Жаныңды корго: азыр катуу шамал башталат!
– Мен оормун, – деди кебелбеген арстан, – шамалдан коркпойм.
– Эмне кыла аласың? Катуу шамал – тамаша эмес.
– Жерге жатып алам.
– Шамалга кеп эмес аның.
– Мен бактын сөңгөгүн кучактап алам.
– Шамал көп күнгө созулат экен. А сен ошончо күн сөңгөктү кучактап туралбайсың да.
Түлкүнүн айтканы тамаша эместигин түшүнгөн арстандын шаштысы кетти:
– Андай болсо эмне кылышты айтчы!
– Кел, мен сени бакка таңып таштайын, өтө катуу шамал да ордуңан былк эттире албайт ошондо, – деди түлкү.
– Акылыңа баракелди! – арстан макул көрдү муну.
Арстанды бакка таңып байлаган түлкү анан анча обочо эмес жердеги ташка көчүк басты.
– А өзүң эмне шамалдан коргонууга баш паанек издебедиң? – дейт арстан.
– Себеби эч кандай шамал болбойт, – камаарабай жооп узатты түлкү.
Каары кайнаган арстан ушундай ырылдады дейсиң, жан-жаныбардын баары заматта жыйылды.
Бакка таңылган арстанды, аны тиктеп камаарабай отурган түлкүнү көрүп, ооздору ачылды. Бу эмнеси деп ар кимиси суроолорун жамыратты.
– Мен аны таңып койдум, – деди түлкү, – кечээ ал ырыскымды тартып алганы үчүн өч алып атам. Бул силерге да сабак болсун! Алдуу алсызга үстөмдүк көрсөткөнүн коюп жүрсүн, – деген түлкү бөйрөк таянып каадалана ары басты, бери басты.
Жан-жаныбарлар болсо бир эсе коркуп, бир эсе урмат менен түлкүнүн оозун тиктеп отурушту.