Түлкүнү бир кезде адамдан да зор болгон дешет, сүйлөгөндү да билчү экен. Куулугу башынан ашкан арамзаада үчүн баарын алдап, эч кимди аябаптыр. Ушунчалык таш боор болуптур.
Бир жолу эже-сиңди кайыкта сүзүп бараткан болот. Алардын баштыгында кургатылган эт менен май бар экен.
Жээктен Түлкү кыйкырат аларга:
– Кыздар, мени ала кеткилечи!
Кыздар жээкке келет, Түлкүнү кайыкка отургузуп, жолду улашат.
Кайык каалгып баратканда Түлкү айтат:
– Биздин арыкка келип кошулган агын суулардын баарын билем.
Кыздар сурайт:
– Бу кайсы суу?
Түлкүнүн жообу:
– Башаты.
Андан ары жөнөшөт. Суу менен суу кайрадан кесилишет. Кыздар сурайт:
– А бул кайсы суу?
Түлкүнү жообу:
– Ортосу.
Андан ары жөнөшөт. Суу менен суу кайрадан кесилишет. Кыздар сурайт:
– А булчу?
Түлкүнү жообу:
– Суунун аягы, – дейт да: – кыздар, мен эми шул жерден түшүп калайын, – дептир.
Кыздар Түлкүнү жээкке түшүрүп, жолду улантышат, далайга барышат. Баштыкты карашат, а баштыкты Түлкү бошотуп коюптур эбак. Баарын жептир.
Эже-сиңди шол жерден кайыкты шарт кайырып, алдамчы Түлкүнүн артынан түшүшөт.
Арттагы куугунду көргөн Түлкү да жүгүрдү, бирок жүгүргөн менен – эт менен майга курсагы тампайып тойгон неменин буту тартпады. Бак башына чыга качты айласыз.
Эже-сиңди Түлкүгө жетпей түйшөлдү. Бактын башына чыгыш кайда аларга. Түлкүнү коркутуш үчүн от жакмай болушту. Жагышты.
Түлкүнүн айласы кетип жалбарды Отко:
– От, күйгүзбөчү мени!
От Түлкүнү аяп, бактын башына чейин барбады.
Акыры отко чала күйгөн Түлкү бактан секирип түштү. Кичирейип калды. Качты анан туш келген жакка. Эже-сиңдилер болсо кичирейип калган Түлкүнү көрүп таңгалышты. Артынан түшкөндү да коюшту.
Түлкү ошентин отко кызгылтым болуп күйүп, кичирейип калган экен.