Ысык -Көлүм күлүмсүрөп жайып колун
Карагай бак кутушкөнсүп карап жолун
Сагынганда бара жатсам көргүм келип
Кандай сонун кандай сонун
Кайырма:
Жайлоо кымыз жыттанып
Ыр жазамын суктанып
Кандай сонун кандай сонун
Сары челек балык кармап жайып торун
Кооздугуна балкый түшөт бүткүл боюм
Эс алганы бара жатсам тоолорума
Кандай сонун кандай сонун
Кыргыз жери кереметке койнун кенен
Кыдырсаңда кызыгы көп достор менен
Сүйөм сени кыргыз жери кандай сонун
Кандай сонун кандай сонун
Замир Арыкбаев — Кандай сонун тексти
Датасы: 02.11.2021 Көрүүлөр: 1574