Чыйрыгамын,эч жылыбай какшайт денем
Сүйбөгөндө минтип ооруп жатпайт элем
Жүрөгүмдү шамалдатып алдым окшойт
Сен кетерде,жүрөгүмдүн
Эшигин бекемирээк жаппайт белең
Мен сүйүүнү оңой эле ойлоптурмун
Тыптынч жаткан сезимдерди козгоптурмун
Кайда барсам,кошо жүрүп ойдон кетпей
Каларыңды билгенимде,
Сүйбөй эле,күйбөй эле койбоптурмун
Катты башым,акылымды жоготкондой
Карай берем,өзүм тойсо көзүм тойбой
Ары сүйрөп,бери сүйрөп тагдыр экөөң
Кыйнадыңар,туталантып
Сүйгөн жанды аз болсо да аяп койбой
Жараланган жүрөгүмдү
Колдон алып,жардам берип таяп койбой