Датасы: 23.01.2026
Формат: mp3

Сен үчүн жазып ырдадым
Серпилип жүрөк кылдарым
Сен үчүн жашап келемин
Сен үчүн далай сыздадым

Көрсөм деп далай ашыктым
Тагдырга неден жазыпмын
Ойлордо калып чырмалып
Ойлонуп өңдөн азыпмын

Жүрөгүм каалап энседим
Сүйүүмдү сезбей тепседиң
Теңсинбей мени кетсен да
Ойлордон алыс кетпедиң

Башкадан сүйүү табарсың
Байкабай күйүп жанарсың
Өзүмдү эстеп бир күнү
Өкүнүп жаным каларсың

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *