Түгөндүр такыр аргам бар,
Жоругун салды арманга.
Же өзүң такыр чалбайсың.
Номуруң жок же чалганга.
Күтүүдөн күндө таң атат,
Жан дүйнөм тарып баратат.
Сен неге күндө чалбайсың,
Кабарсыз күндөр тажатат.
Кайырма:
109 алло,
109 угуп атат.
Мен мага,
Эмне сага,
Мен, мен, мен өрттөнүп барам,
Мен күйүп барам.
Чындыгын билбейм түш өңбү,
Шыңгырым сени күтөмүн.
Шыбырың сенин сагынып,
Чыдабай жаным түтөдү.
Сагындым сени кандайсың,
Садага неге албайсың.
Сагынтып коюп сары кыз,
Саат сайын неге чалбайсың.
Кайырма:
101 алло,
Өрт өчүргүч угуп атат,
Мен
Эмне сага,
Мага,
Ой эмне сага,
Мен, мен, мен өрттөнүп барам,
Дарегиңди айтпайсыңбы.
Мен күйүп барам.
Күтөмүн күндө кур калбай,
Күтүүдөн болдум улгаймай.
Телефон эмес колумда,
Жүрөгүң сенин турганда.
Үнүңдөн секет болоюн.
Келсеңчи күткөн коногум.
Чалчы бир үнүң жаздырып.
Үйүмө коюп коеюн.
Кайырма:
102 алло
Сержант угуп атат,
Мен
Иии
Мага
Эмне дейсиң
Мен, мен, мен өрттөнүп барам,
Мен күйүп барам.