Ажайып деп тоонун гүлүн искеген,
Арзуу жытын неге мурда сезбегем?
Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур бекер,
Балким, сенин жытыңды гана издегем.
Алыс кетсем илебиңди сагынам,
Ооруп калып, жытың тапсам айыгам.
Сен жыттанган шамал уруп турса деп,
Мен ичимден табияттан жалынам.
Махабат, сен бүр жыт болуп көрүңдүң,
Бир укмушун сүрүп жатам өмүрдүн.
Бүт баарына тилеп жалаң жакшылык,
Келет сага айкөл болуп көрүнгүм.
Мындай жытты кызганышар арчалар,
Арзуу жытын сезбей өтөт канчалар.
Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин,
Жытыңды искеп, анан, мүмкүн, жан чыгар.
Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем,
Жытың издеп жолго чыгам күндө мен.
Сендей жакшы жолукса да жашоомдо,
Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.
Жаныш Кочкоров — Арзуу жыты тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 3646