Ай-ааламга берип жарашык,
Ак көйнөгүң айга жарашып.
Ак кайыңдуу суунун жээгинде,
Олтурчу элек бирге жанашып.
Ак кайыңдар назик ыргалып,
Асылкечим назик кыналып.
Айтчусуң сен сүйүүм сендик деп
Астыртадан сүйкүм жылмайып.
Орток болуп ошол сырларга,
Оо, мен анда балкып жыргалга.
Уккулуктуу сүйүү үндөрү,
Урулчу эле жүрөк кылдарга.
Ал сен азыр сыйкыр курчалып,
Алыстайсың аппак нур чалып.
А мен болсо дале күтүүдө,
Айланамда булут суу чалып.
Жеңишбек Шамшиев — Күтүү тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 837