Бири көлдүк деп сүйөт,
Бири чүйлүк деп сүйөт.
Бири Нарын, Талас, Баткен,
Ош, Жалал-Абад деп сүйөт.
А мен байкуш кантемин?
Токтогулдук жигитмин.
Бөлүнө албай эч бир жакка,
Тең ортодо эзилдим.
Кайырма:
Оу, оу, кыздар! Эй, эй кыздар!
Кайда барсам жан дүйнөмдө,
Жашайсың, кыргыз кыздар.
Оу, оу, кыздар! Эй, эй, кыздар!
Кызгалдактай жер бетинде,
Гүлдөсүн кыргыз кыздар.
Жети деген ыйык сан,
Жети область Кыргызстан.
Ар бир айыл-районунда,
Кыздар гүлдөй ачылган.
Түштүк жактын кыздары,
Кашы-көзү суктантты.
Түндүк жактын, эх, кыздары,
Кымча бели кыйнады.
Кайырма:
Кызгалдактай жер бетинде,
Гүлдөсүн кыгыз кыздар!
Жоодарбешим — Жети область кыздары тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 1819