Классташтар ынак болдук достошуп
Ынтымактуу үй-бүлөгө окшошуп
Балалыктын балын бирге татчу элек
Кез да келди ажыроого коштошуп
Кайырма:
Ар ким табаар өз жолун
Классташ курбу досторун
Билим берген мектебим
Окуучулугум кош болгун
Жаңы күндөрдө чогуу жүрдүк канча убак
Өткөндөрдү эстеп жүрөк жанчылат
Биз турабыз кош дей албай мектепке
Көзүбүздөн жаш мөлтүлдөп чамчылап
Он жыл бою алмаштыргыз күн өткөн
Жылуу сөздөр тартуулаштык жүрөктөн
Жолукканда бул мезгилде кайрадан
Эскерербиз көксөй карап сүрөттөн
Жумабек Акбаров — Классташтар тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 1415