Көңүлүм ооруп, көңүл соолуп,
Жабыркап дүйнөм жалгыздык тооруп
Жүргөндө жадап кусага толуп,
Сен келдиң мага ак жарык болуп.
Кайырма:
Ашыгым менин арзыган теңим,
Арначы мага ак сүйүү кебин
Сүйдүргөн менин сүйүктүү демим,
Сүйлөчү мага сүйүүнүн кебин.
Өзүңдү таппай өзгөлөр жакпай
Өткөрдүм далай өмүрдү актай,
Капилет келип, кар дүйнөм эрип,
Жарыгың чачтың жылуулук берип.
Кайырма:
Жумагүл Раимжан кызы — Ашыгым тексти
Датасы: 18.12.2021 Көрүүлөр: 2369
Текст ырлар баардык жумагул райымжан кызы