Көңүлүм ооруп көңүл соолуп
Жабыркап дүйнөм жалгыздык тооруп
Жүргөндө жадап кусага толуп
Сен келдиң мага ак жарык болуп
Кайырма:
Ашыгым менин арзыган теңим
Арначы мага ак сүйүү кебин
Сүйдүргөн менин сүйүктүү демим
Сүйлөчү мага сүйүүнүн кебин
Өзүңдү таппай өзгөлөр жакпай
Өткөрдүм далай өмүрдү актай
Капилет кебин кар дүйнөм ээрип
Жарыгым чачтың жылуулук берип
Кайырма:
Ашыгым менин арзыган теңим
Арначы мага ак сүйүү кебин
Сүйдүргөн менин сүйүктүү демим
Сүйлөчү мага сүйүүнүн кебин