Бир бай минтип көп мактанчу экен:
— Мен майдачыл эмесмин, ошондуктан битиреп сары тыйындарды санагандарды көрсөм жиним келет. Мен үчүн элүү туман эмне болуп калыптыр! Эгер анча акча жерде жатса эңкейип да койбойм. Эгер эки жүз туман болсо, башка кеп… Жок! Жок! Эки жүз тумандан бир аббаси эле кем болсо албайм. Мендей бай эч качан майдачыл болбошу керек!
Ыгы келсе, келбесе деле минтип мактана бергени айылдаштарын тажатканда аны сынамакчы болушат. Бир күнү байдын келчү жолуна бир аббаси кеми бар эки жүз тумандык капчыкты таштап, өзүлөрү бадалдын арасынан аңдып турушту. Көп өтпөй баягы бай келатып капчыкка көзү түшөрү менен шашыла алып, санап жиберип, кубанычтуу үн катат:
— Бир аббаси кем эки жүз туман! Бир эле аббасиси кем эки жүз туман болсо албайм дечүмүн, бирок капчыгы бир аббассилик болуп жатпайбы, андыктан мен убадамды бузган жокмун! – деп капчыкты жан чөнтөгүнө тыга салып качмакчы болгондо айылдаштары жашынган жерден чыга калышып, байды жакшылап сабап, капчыкты тартып алышкан экен.