Балдары ар кай жакк тарап кетип, карыганда жалгыз калган кемпир-чал сүйлөшүп отурганда абышка олуттуу түрдө мындай дейт:
— Баягы эле сөздөрүң кемпир, сүйлөшө турган кебибиз деле калган жок окшойт, анын үстүнө оозуңду ачсаң эле үшкүрүк чыгып, балдарыңдын таштап кеткенин, келиндериңдин жаман экенин айтып баштайсың. Уккум да келбейт андай сөздөрүңдү. Кел ошон үчүн унчукпас ойнойлу. Ким биринчи үн чыгарса ошол эртең торпокту аркандап, уйду токойго айдап барып откорот.
— Макул, — деди кемпир.
Ошентип мелдеш башталды. Кемпир үйдө отун жок экенин билсе да билмексен болуп отурган абышкасын жумшай албай токойго өзү жөнөдү. Абышка бул оюнду туура ойлоп тапканына ичинен кымыңдап короодо отурду. Эртең да уктамыш болуп жатып алса кемпири уюн сааган соң өзүн ойгото албай, аргасы кеткенде торпокту шалбаага аркандап, уюн токойго оттоткону жөнөрүн ойлоп бырс этип күлүп жиберди. Бир маалда короого эки атчан кирди. Кожоюн ордунан турганы менен унчукпады.
Атчандар салам айтышты, бирок абышка алик албады.
— Эмне унчукпайсың? Дүлөйсүңбү? – деп атчандардын бири омуроолотчудай жакын бастырып келди. Абышка дале болсо лам деп ооз ачпады.
— Эй адамдай болуп үн чыгарчы, кыштакка барыш үчүн оңго кетебизби же солгобу?
Чал үн чыгарбады. Бул абышка өздөрүн шылдыңдап жатат деп ойлогон атчандардын бири аны камчы менен чоку талаштыра тартып жиберди эле, ал дале унчукпады. Ошондо алардын бирөөсү атынан секирип түшүп, курч бычагын кончунан сууруп чыгып абышканын бир кулагын кесип алганда гана андан “оох” деген үн чыкты, бирок кайра эле унчукпай туруп калды. Атчандар коштошуу катары анын бетине жаба түкүрүп, короодон чапкан бойдон чыгып кетишти.
Караңгы киргенде отун алып кемпир келип, абышкасынын канжалаган кебетесин көрүп, кыйкырып жиберди:
— Ким сабады мынчалык?!
— Аха! Жеңилдиң, жеңилдиң! – деп ошондо гана абышкадан кубанычтуу үн чыкты. –Эртең сен торпокту аркандап, уйду токойго айдап барып откоросуң!