Көл үстүндө тыптынч жыбырап,
Көңүлдөш өңдүү жыбырап.
Кайыкта жүрдүк жай гана, жай гана,
Деги кыялдар менен шыбырап.
Кез-кезде шилеп калагың,
Шурусун көлдүн карадың.
Абайлап байкаар бекенсиң, чечерсиң,
Бар болсо кызда талабың.
Ансайын кайык термелет,
Акактай көлгө эркелеп.
Жашырбай айтып чыныңды, сырыңды,
Сөз катчы сүйсөң эртерээк.
Шерттешпей көлдүн кылаасын,
Сыдырым неге сыласын.
Сырдашкан сырды бул күнү, сүйүүнү,
Мезгилдер өзү сынасын.