Бир күнү кумурска кайыңга чыгып алды. Ал кайыңдын эң чокусуна чыгып ылдый карады, өзүнүн уюгун араң көрдү.

Кумурска жалбыракка отуруп:

«Мен бир аз эс алам дагы анан ылдый түшөм» — деп ойлонуп койду.

Кумурска үйүнө кантип жетти 2

Кумурскалардын бир эрежеси бар: күн бата баштаганда бардыгы уюгуна кириш керек. Ал эми күн батары менен кумурскалар бардык эшиктерди жабышат дагы укташат. Ким кечиксе, көчөдө түнөп калат. 

Күн токойду көздөй түшүп келе жаткан.

Кумурска жалбыракта отуруп алып күндү карап коет:

«Эч нерсе эмес, жетишем, ылдый түшкөн оңой да»- деп ойлонуп жата берет. 

Ал жаткан жалбырак саргайып кургай баштаган жалбырак эле. Бир заматта шамал башталып, аны бутактан үзүп кетти.

Жалбырак токойдун үстүнөн, андан кийин көлмөнүн аркы өйүзүнө, андан кийин айылдын үстүнөн учуп жөнөдү.

Кумурска жалбырака жабышып алып, коркконунан жүрөгү оозуна тыгылып, араң эле баратты.

Кумурска үйүнө кантип жетти 3

Шамал жалбыракты айылдын четиндеги талаага алып келип, ошол жерге таштап салды. Жалбырак ташка түштү, кумурска байкуш буттарын оорутуп алды.

Жатып алып эмне кылышты ойлонот:

-Ай-ай өлдүм, өлдүм. Эми үйгө жете албай калдым. Эгер буттарым аман болгондо, чуркап кетмекмин, эми эмне кылдым? 

Кумурска тегерегине көз жүгүртөт, оң жагын караса, жанында жер ченегич курту жатыптыр. Сөөл жаанга окшош, бирок алдында да артында да быкылдаган буттары менен.

Кумурска ага:

— Досум, мени үйгө жеткирип коесуңбу. Мен буттарымды оорутуп алдым.

— Тиштебейсиңби?

— Жок тиштебейм.

— Мейли, отур, жеткисип коём.

Кумурска үйүнө кантип жетти 4

Кумурска жер ченегичтин үстүнө чыгып отурду. Ал жаа сыяктуу ийилди дагы кайра түзөлдү, кайра жаа сыяктуу болду, кайра түзөлдү. Ал ошентип жылып кете берди. Кумурска бир жерге жакындайт, бир асманды көздөй көтөрүлөт. Ушинтип отуруп ал бир кезде кыйкырат:

— Токто! Токто! Мен чыдай албай калдым!  Курт болсо укпайт, кете берет, бир кезде кумурска:

-Токто! Токтобосоң мен сени чагып алам!-деп кыйкырды.

Курт дароо токтоп, жерге сунулуп жатып калды. Кумурска ылдый түшүп, эмтигип араң эсине келет.

Курт болсо корконунан качып кетти. 

Кумурска кайра айланага көз чаптырып карады: талаада чабылган чөп жатыптыр. Чөптү аралап жөргөмүш кетип бара жатыптыр: анын буттары тирөөчтөй, башы буттарынын ортосунда солкулдайт.

— Жөргөмүш, жөргөмүш, мени үйүмө жеткирип койчу! Менин буттарым ооруп жатат.

— Мейли, отур, жеткизип коем.

Кумурска үйүнө кантип жетти 5

Кумурска жөргөмүштүн бутунун тизезине чейин чыгып, кайра ылдый аркасына түшүүгө туура келди, анткени жөргөмүштүн тизелери аркасынан өйдө чыгып турат.

Жөргөмүш сегиз бутун арбайтып тарбайтып кетип бара жатты, кумурсканын жөргөмүштүн буттарын карап жатып башы айланып кетти. Анын үстүнө ал аябай акырын жылгандай сезилди. 

Кумурска мындай басыктан тез эле чарчап кетти. Ал жини менен жөргөмүштү тиштеп коё жаздады. Бирок бир мезгилде алар түз жолго чыгышты.

Бир маалда жөргөмүш токтоп калды. 

-«Түш» деди ал. — Мына, коңуз чуркап жүрөт, ал менден ылдамыраак.

Кумурска эптеп түштү. 

— Коңуз, коңуз, мени үйгө жеткирип койчу! Менин буттарым ооруп жатат.

Кумурска үйүнө кантип жетти 6

— Отур, мен сени ызгырылтып тез эле жеткизем. — деди

Кумурска коңузга жаңы эле чыкканда, ал безген тейден чуркап жөнөдү. Анын буттары аттыкындай болуп түз экен.

Алты буттуу ат сымаал, абада учуп бараткандай чуркайт экен. 

Заматта картошка айдалган талаага жетишти. 

«Эми түш кумурска» деди ал. — Картошка аралап чуркай албайм. Башка бүрөөнү тап эми.

Кумурска айла жок түштү. 

Кумурскага картошканын сабактары жыш токой сыуктуу көрүндү. Бул картошкалардан бутум соо болгондо бир күндө араң өтмөк элем. Күн болсо улам ылдыйлап баратат.

Кокусунан Кумурскага бир чырылдаган үн угулду:

— Жүр, кумурска, аркама чык, кеттик.-деди бүрөө. 

Кумурска бурулуп карай салса эле, айлан-көчөк турат.

— Сен кичинекейсиң! Сен мени көтөрө албайсың.- дейт

— А сен эмне чоңсуңбу?! Отур дейм.

Кумурска көңүлү жок айлан-көчөктүн далысына эптеп отурду.

— Отурдуңбу?

— Ооба.

— Эми жакшы карма!

Айлан-көчөк улам учуп, улам конуп отуруп бат эле тосмонун жанына келип калды. 

— Тосмодон ашып өтө аласыңбы? -деп сурады.

— Мен тосмодон өтө албайм: ал абдан бийик экен. Сен эми чегирткеден жардам сурасаң, ошол секирип өтө алат.

— Чегиртке, чегиртке, мени үйүмө жеткизип койчу! Менин буттарым ооруп жатат. -деди.

Кумурска үйүнө кантип жетти 7

— Мойнума чык. -деди ал дароо эле макул болуп. 

Кумурска чегирткенин желкесине отурду.

Чегиртке арткы узун буттарын эки бүктөп, анан бир заматта түздөп, бүргөдөй болуп асманга секирди. Ошол замат канаттары жайылып, тосмонун ар жагына түштү да, кумурсканы акырын жерге түшүрдү.

Кумурска рахматын айтып асты жагын караса чоң көлмө бар экен.

Күн дагы ылдыйдай түштү.

Кумурска шылкыйып суунун үстүн карап турса суу ченегич жүрүптүр. Аябай сүйүнүп кетет.   

— Суу ченегич! Суу ченегич! Мени үйгө жеткизип койчу! Менин буттарым ооруп жатат. Күн батып кетсе уюгума кире албай калам — деп суранат.

— Жарайт, мин үстүмө, жеткисип коем. 

Кумурска отурду. Суу ченегич суунун үстүндө кургак жерде жүргөндөй жүрдү. Күн болсо чындыгында батканы аз эле калды.

Кумурска үйүнө кантип жетти 8

— Суу ченегич, тезирээк! — деп суранды Кумурска. 

— Макул досум. -деп суу ченегич суунун бетинен муздун үстүндө коньки тепкендей ызгырылды. 

Ошентип тез эле суунун аркы жээгине жетип калышты. 

— Суу ченегич жерде баса албайсыңбы? — деп сурайт Кумурска.

— Мага жерде баскан оор, буттарым тайгаланбай калат. Алдыда токой бар, андан көрө башка бирөөнү тап — дейт

Кумурска алдыга көз чаптырды, чокусу асман тиреген токой. Ал эми күн анын артында көрүнбөй калды. Эхх жетишпей калдым окшойт деп, шылкыйып калды.  

Ошентип отурса эле жерде май саратаны кетип бататыптыр. Кумурска аябай сүйүнүп кетет. Бирок анын басымын көрүп мунун ылдамдыгы менен көптө жетем го деп ойлонот. Бирок башка айла жок. 

Кумурска үйүнө кантип жетти 9

— Саратан, саратан мени үйүмө жеткирип койчу. Менин буттарым ооруп жатат.

— А сен каерде жашайсың?

— Токойдун артындагы кумурска уюгунда.

— Алыс экен … Мейли, эми жеткизсе жеткизейин дейт 

Кумурска анын катуу жонуна чыгып отурат.

— Отурдуңбу?

— Оба.

— Кайда отурдуң?

— Артыңа.

— Э-э, макоо! Башыма отур.

Кумурска саратандын башына чыкты. 

Саратан бир маалда белин экиге сындырып артынан эки чооң канатын алып чыгат. Анын астынан дагы майда, узун, кыска ар түрдүү канаттар чыгат. Мунун баарын байкап турган кумурска оозун ачып таң калат. 

Саратан болсо такыр шашпайт, моторун от алдырып жаткан самолет сыяктуу дирилдейт. 

— Байкеси, — дейт Кумурска, — шашылыңыз!

Саратан жооп бербейт, дагы эле дирилдейт.

Бир маалда ичке канаттар иштей баштады. “Дыр-дыр-дыр”- деп саратан асманга көтөрүлүп кетти. Вертолет сымал ал бир минутта токойдун үстүндө болуп калса болобу.

Кумурска сүйүнүп кетти,бирок күндү караса, эчак жерге илинип калган.

Токойдун үстүнө көтөрүлүп, ал чоң канаттарын иштетти эле, ракета сымал учуп жөнөдү. Кумурска демигип араң чыдады. 

Караса эле, токойдун артында болуп калышты, жанында тааныш кайың, анын астында кумурска уюгу турат.

Кайыңдын эң башына саратан конуп туруп, моторун өчүрүп койду. 

— Байкеси! — деп жалбарды Кумурска. — Анан мен кантип түшөм эми? Буттарым ооруп жатат, эми мойнумду сындырып алам.

Саратан канаттарын далысына жыйнап койду. 

— Эми кантип ылдый түшөсүң — билбейм. Мен кумурскалардын уюгуна учпайм: кумурскалар, аябай катуу тиштешет. Ал жакка өзүң билгендей жетип ал эми.

Кумурска ылдый караса, кайыңдын астында анын үйү турат.

Ал күнгө карады: күн эчак эле белге чейин жерге сиңип кеткен.

Ал тегерегин карады: бутактар ​​менен жалбырактар, жалбырактар ​​жана бутактар.

Кумурска үлгүрбөй калды окшойт.

Бир маалда ал жанындагы жалбыракта көпөлөк курту отурганын көрөт. Ал өзүнөн жибек жипти сууруп, бутакты ороп отурган болот.

— Көпөлөк курт, мени үйгө ылдый түшүрүп койчу! Менин акыркы мүнөтүм калды окшойт. Мени эшик жабылып калса үйгө киргизбей коюшат. 

— Ой кое турчу! Көрбөй атасыңбы, мен иш кылып жатам, жип ийрип жатам.

— Баардыгы мага жардам беришти эле, эч ким мени каккан жок, сен биринчи болуп мага жардам бербей жатасың! деп кумурска жинденип жиберди.

Кумурска жини менен аны тиштеп алды!

Курт чочуп кетип, жалбырактан учуп кетти. Кумурска аны тиштеген бойдон чогу кулашты. Бирок алар бираз кулап эле курттун жибине илинип калышты. 

Экөө тең жибек жипте термелип жатышты, жип болсо бутакка оролгон эле.

Кумурска үйүнө кантип жетти 10

Кумурска кутту тиштеген бойдон селкинчектегидей болуп термелип турду. Жип болсо узарып, узарып, узарып баратат. Акырындан ылдыйлай беришти алар. 

Ылдый жакты караса кумурскалар бошобой, шашып, эшиктерди жабып жатышыптыр.

Баары жабылды, бир эле акыркы эшик жабыла элек. Курт менен кумурска дал ошол эшике түшүп шып этип уюгуна тоголуп кирип кетишти. 

Кумурска үйүнө кантип жетти 11

Күн да батып кетти. Ошентип урматтуу кичинекей достор, кумурска досторунун жардамы менен уюгуна аман эсен жетишип калды. 

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Кумурска үйүнө кантип жетти: 10 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *