Ат, уй жана жылдыздар
25.11.2019
107
Байыркы-байыркы заманда ат менен уй бир өзөндөн суу ичип, бир чыйыр менен жайытка барчу экен. Бир жолу, жайкы күндүн биринде, ат уйга...
Толук окуу
Шыралганы туура бөлүштүрүү жөнүндө
25.11.2019
64
Жолборс, карышкыр жана түлкү чогулуп, ууга чыкмай болушат. Үчөө бир кулжа, бир жейрен, бир коёнду жайлаптыр. Олжону жолборстун үңкүрүнө алып барышат. Карышкыр...
Толук окуу
Эки улак
25.11.2019
72
Эки улак аудиосун угуу Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп тынбай, жан жактарын каранып секиришет. Бир жагында калың бадал,...
Толук окуу
Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр
25.11.2019
141
Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр аудиосун угуу Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу — төртөө жолдош бодду. Тапканын ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан...
Толук окуу
Арстан күчүгүн асыраган мышык
25.11.2019
115
Арстан күчүгүн асыраган мышык аудиосун угуу Бир мышык каңгып жүрүп өлүп жаткан арстанга жолугат да, анын жетим калган күчүгүн бооруна кысып, эмизип...
Толук окуу
Алтын шакек
25.11.2019
62
Аудиосун угуу Илгери, илгери бир чалдын жалгыз баласы бар экен. Бир күнү чал «баламды бир сынайынчы» деп, жыйырма тыйын берип базарга жиберет.Ал...
Толук окуу
Таранчы менен түлкү
24.11.2019
129
Илгери таранчы менен түлкү жакшы достордон болуптур. Түлкү кайда чуркаса таранчы да ошол жакка уччу экен. — Таранчы дос,- деп кайрылыптыр түлкү...
Толук окуу
Көнөчөк кийген түлкү
02.11.2019
67
Көнөчөк кийген түлкү аудиосун угуу Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз кара ую бар экен. Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып...
Толук окуу
Мүнүшкөр
20.02.2018
88
Мүнүшкөр аудиосун угуу Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге...
Толук окуу
Айбанаттар жана жаныбарлар жөнүндө жомоктор фольклордо өзгөчө орунду ээлейт, анткени алар адамдык мүнөздүн бардык белгилерин көргөзүүгө жардам берет.
Бул жомоктор — адамдар өзүнүн ыйманын көрө турган күзгү. Айбанаттар тууралуу жомоктор элдик тамсилдер менен тамырлаш, алар түпкүлүгү бир эле жаныбарлар.
Мындай чыгармаларда айрым учурда айбандар менен бирге адамдар да катыша берет, бул болсо адам менен табияттын жакындыгынын көрсөткүчү.
Байыркы мезгилден тартып, соңку кылымдарга чейин эле кыргыздар аңчылык менен күн көрүп, ар кандай жаныбарлардын кулк-мүнөзүн, кебете-кешпирин жакшы байкашкан, ошол байкоолорун жомоктордо пайдаланган.
Айбанаттар тууралуу жомоктордо туруктуу образдар кездешет. Мисалы, түлкү — куу, митайым болсо, карышкыр — ичкич, жегич, каардуу, коён — коркок, сагызган — сүйлөөк, алдамчы ж. б.
Жаныбарлар жөнүндөгү жомоктор баланы табият, жапайы жаныбарлар дүйнөсү, алардын жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, жашоо образы, атүгүл кээ бирлери этияттык менен мамиле кылганда кандай коркунуч туудурары жөнүндө түшүнүк берет.
Бул бөлүмдө ар кандай жаштагы балдарды кызыктырган жаныбарлар жөнүндө жомоктордун кеңири жыйнагы берилген.
Жарабайт
Ат жонундо жомок
Ката
Алия менен жылкыдан ката