Күн дагы бүркөлдү,
Адамдын кабагындай.
Турмушуң үзүлөр,
Алманын сабагындай.
Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашаймын эл менен.
Базарда көр турмуш,
Кыйналдың сен бир укмуш.
Күдөрүң үзбөчү,
Болор чоң бурулуш.
Кайырма:
Кыргызым, ыйлаба,
Күн тиет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буюрса, бактыңа.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Элим мен сени менен.
Элимдин ырысын,
Демиткен адамдар.
О дүйнө барганда,
Бир Кудай жазалаар.
Тийбечи, суранам,
Элимдин нанына.
Убалы кыргыздын,
Уктатпайт сени да.
Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Кемибесин ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Элиме дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашайм мен эл менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Келем мен сени менен,
Кыргызым, ай, сени менен.
Өтө соонун Айдин Шер мыкты деңгээлде ырдаган
Айдин Шердин ушул ыры гана мукам башка ырларын билбейм
Ыйлаба КЫРГЫЗЫМ
ИН ША АЛЛАХ БААРЫ ЖАКШЫ БОЛОТ ИН ША АЛЛАХ