Биздин жолдорубуз бөлүнүп экиге кетти,
Кайрылбастан намыска алдырып унутам өзүңдү.
Ишенип жүргөн сөзүңө мен,
Унутам көзүңдү жалгыздыкта жамынам түндү.
Эми мага жалынба башканы сүйгүн түбөлүкө,
Мага таарынба сен мен да сүйөмүн түбөлүкө.
Сенден башка бирөөнү мени издебе.
Менин сага болгон сезимдерим түбөлүк,
Балким бул беле бир эки күндүк таарыныч жөнөкөй эле.
Кайырма:
Убакыттын жебесине каршы кылып,
Айлап сандагы кайрылбайт өткөн кез.
Кушка айланып учамын алыстарга мен.
Мындан ары жазба мага сүйүү катынды,
Унуткун менин атымды сени менен бөлүшкөн сырларымды.
Алмаштырдым максатымды алдыга сага болгон көңүлүм калды,
Түшүндүм өзүңө бүтүн болуп калганымды.
Балким бул беле бир эки күндүк таарыныч жөнөкөй эле.
Кайырма:
Айганыш Абдиева — Кайрылбайт өткөн кез тексти
Датасы: 23.09.2020 Көрүүлөр: 2363