Илгери-илгери көчүгү жер жыттабаган айылчы аял болуптур. Айылчысы аз келгенсип көз ирмебей жалган сүйлөгөн калпычы да экен.

Күйөөсүнө күндө бир шылтоо айтып, үйүнөн карга бок чокуй электе чыгып, кеч күүгүмдө кайтмай анын адаты эле. Ошондой күндөрдүн биринде “бул айылда менден башка мыкты бычмачы жок, тон бычтырганга мени чакыртты”,- деп кетет аялы.

Анын калп-чынын көрөйүн деген ой менен күйөөсү аңдып барып, боз үйдүн үзүгүн акырын ачып шыкаалайт. Башка аялдар тон бычып, аялы чоң казанга тамак бышырып атыптыр.

Эринин аңдып калганын сезип калган аялы казандагы тамакты чөмүч менен ары-бери чалып, тон бычкан аялга үйрөткөн киши болуп: “Жеңеке, жеңин жети карыш, алка жакасын алты карыш кыл”,- деп бакылдап акыл үйрөтөт дейт.

Иштин жайын түшүнгөн күйөөсү акырын кетип калат да кечинде чарчап-чаалыккан кебетеленип келген аялына ачууланып:

– Эй, ыйманы жок, бул чөлкөмдө жеңи жети карыш, жакасы алты карыш тон кийген алп адамды кайдан көрдүң эле? Же дөөгө бычып аттыңбы тонду? Мындан кийин калп шылтоо менен айылчылаганыңды көрбөйүн да, укпайын! — деп катуу тыюу салган экен.

Мынакей кыздарым, калптын казаны кайнабайт. Калп айтаңар, кырк жыл өтсө да ашкере болот. Силер да тиги аялча калп шылтоо айтпай, оокатыңарды тың кылып, барган жериңерге жакшы бүлө болгула!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар30
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *