Бир киши тоого чыгып, отун алмакчы болот. Кечке дейре жеткидей тамак ашты аялына мыктылап даярдатып, балта, чот, аркан алып, таң атары менен үйүнөн чыгат. Күшүлдөп- бышылдап бийик тоонун башына чыгып, бир аз эс алууну туура көрүп, көк шибер чөпкө жамбаштай кетет.

Топ-топ өскөн карагандарды көз нуру менен санай баштайт: «Ал караган бир боо, бул караган бир боо». Ошентип, жүз боого жеткире санап, көңүлү жайдарыланат. «Кой эми, оозум менен орок орбоюн, карагандарды эртелеп чаап алайын, ‒ деп ордунан козголот.

‒ Күн төбөгө тийип келатыптыр. Түш болгон тура. Түштөнүп алайын. Күн болсо узун. Кечке дейре эки жүз боо караган-отун алыш деген эмне?!»

ЖАЛКОО 2

Аялы белендеп берген тамак-ашын майда чайнап, ныктап жейт. Курсагы тойгондон кийин көңүлү жумушту каалабай, кайра жамбаштай калып, карагандарды санай баштайт: «Ал караган бир боо, бул караган бир боо». Санагы эки жүзгө жетип кетет. Айлана күүгүмдөнө баштаганда эсине келет.

«Ка-ап, кеч кирип кеткен тура. А мейли, эртең деле күн бар го», ‒ деп балта, чот, арканын көтөрүп, алган бир боо отуну жок (санагында эки жүз), кечки даамдуу тамакты ойлоп, шилекейин жутуп, үйүн көздөй шаша жөнөйт. Бул адаты күндө кайталана берет.

Ушундан улам бул лакап бүгүнкүсүн эртеңге, эртеңкисин бүрсүгүнгө калтырган жалкоолорго карата айтылып келе жатат экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

ЖАЛКОО: 9 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *