Канча жыл күттүм өзүңдү,
Кай жакта жүрдүң көрүнбөй.
Канча жыл түштүм артыңдан,
Кайберен кууган мергендей.
Кайырма:
Жаңылбай сага кабылдым,
Жазатпай оогум тийгизем.
Азапка түртүп ийсең, да,
Акыры сени сүйдүрөм.
Аскасы бийик тоо болсоң,
Ак карын болом кетпеген.
Жалбырттап күйгөн от болсоң,
Жалының болом өчпөгөн.
Кайырма:
Агыны катуу суу болсоң,
Алдыңа түшкөн таш болом.
Сездирбей өткөн куракта,
Сен үчүн кайра жаш болом.
Кайырма:
Оа жакты
супер
Сөзү, обону кимге таандык?
Созу: Зайир агайдыкы. Обону Мамажан Козубаев. Зайир агайдын фамилиясын таппадым.
Сөзү, обону кимге таандык?