Жалбырттаган кызгалдагы кыянын,
Андан сансыз эргүүлөрдү туямын.
Аалам кезип, аба жиреп учсамбы?
Албууттанам, кайда барып сыямын?
Кайырма:
Музыка — жаштык кезим толкуган,
Музыка — эргип учкан кыялым.
Музыка — чыккан ырым жүрөктөн,
Музыка — өмүр суусу мүрөктүн.
Кыял, чиркин, мейкиндикке атылат,
Жүрөгүнө жердин шарын батырат.
Ал мезгилди кайсы жакка жетелеп,
Ал жаштыкты кайсы жолго чакырат?
Кайырма:
Акмаанай Эшбаева — Музыка тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 71