Куттуу болсун Жумаңар
Кабыл болсун дубаңар
Алаканды жайып кудайдан
Каалаганыңды сураңар
Кел тууганым тургун эрте
Багымдатың калбасын
Намаз менен биз табабыз
Жан дүйнө дабасын
Берекени бешим менен
Асырдан ай табасың
Ар аптада күтүп эңсеп
Жумага эй барасың
Күн батканда шам намазы
Жүрөктөрдү аруулап
Түн киргенде куптан менен
Тилектер ай жаңырат
Ниет болсо эң башкысы
Убакытың табылат
Күндөр өтүп билинбей
Жумага азан жаңырат
Алмаз Шаадаев — Куттуу болсун Жумаңар тексти
Датасы: 17.03.2023 Көрүүлөр: 36257