Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыман шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп жамгыр төктү.
Ошол күнүм кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагындырып, жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырлардай эскирербиз,
Тунгуч сүйүү унутулбай.
Алтынай Нарбаева — Жамгыр төктү тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 5508