Ботодой болгон көзүңдөн,
Кылыктуу чыккан сөзүңдөн.
Гүл өстүрүп алсамчы,
Гүлдөн артык өзүңдөн.
Кайырма:
Ак гүлүм, ай, ак гүлүм,
Сага жетпейт таттуу үнүм.
Кел басалы жанашып,
Көрккө бөлөп жаз күнүн.
Ак гүлүм, ай, ак гүлүм,
Сага жетпейт таттуу үнүм.
Кел басалы жанашып,
Көрккө бөлөп жаз күнүн.
Тал чыбыктай чоюлган,
Элик бир мүчө боюңдан.
Түнөк таап алсамчы,
Түйүнчөктөй сыныңдан.
Кайырма:
Олоң кара чачыңдан,
Татынакай атыңдан.
Ачык айтсам, жүрөктүн,
Ардагысың катылган.
Кайырма:
Апаз Жайнаков — Ак гүлүм тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 461