Булакта булбулдун тили бар,
Булакта кыздардын дили бар.
Ар качан агымы күү черткен,
Апакай булуттай сүйүү бар.
Кайырма:
Өмүргө шериктеш булагым,
Өзүңдө балалык курагым.
Ыр тыңшап жаныңа мен келип,
Мына эми кете албай турамын.
Булакта сагыныч-бугу бар,
Булакта күлкүнүн туну бар.
Булакта жүз чайып суу алган,
Буралган кара көз сулуулар.
Кайырма:
Булакта түгөнгүс кайрык бар,
Булакта шашылбас жайык бар.
Булакта пейили кең жигиттей,
Берешен, орошон марттык бар.
Кайырма:
Апаз Жайнаков — Булакта тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 1633