Бир күнү кечинде
Олтурдук вечирде
Бир гана сен жоксуң
Топ кыздын ичинде
Мен жүрөм таалалап
Алма бак аралап
Бир гана сен жоксуң
Жүрөктү жаралап
Кайырма
Кайдасың аппагым
Издедим таппадым
Көрүнчү көзүмө
Кумарым таркасын
Капкара кашыңдан
Кундуздай чачыңдан
Ашыкмын мен сага
Он алты жашымдан
Асылым сүйгөнүм
Алтыным чүрөгүм
Сүйбөсөң кантейин
Бар болсо түгөйүң