Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.
Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.
Мүнөзүңдү жактырдым, мүнөзүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билип жүрсөң болду эле мындан ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.
Арзыбек Бедияров — Көзүңдөгү керемет тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 3519