Ысык-Көл сага барам деп,
Ырыска бүтсө жагар деп.
Ойлогон эмес экенмин,
Ошондо сени табам деп.
Ойлогон эмес экенмин
Гүлкайыр, сени табам деп.
Көрсөм да сени миң жолу,
Көл бойлоп бастым түн бою.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Гүлүңдү искеп бир жолу.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Өзүңдү жыттап бир жолу.
Дартыма даба эте албай,
Даалайлар жүрсө жете албай.
Өмүрдүн баркын кеч билип,
Өзүңдөн турам кете албай.
Жашоонун баркын кеч билип,
Жаныңдан турам кете албай.
Күүгүмгө толгон кечимдин,
Күкүгүн кайда кетирдиң?
Гүлкайыр, гүлүм кош эми,
Гүлүңдү үзсөм кечиргин.
Гүлгө окшош эркем, кош эми,
Күнөөлүү болсом кечиргин.
Өте керемет тамаша авторға чоң рахмат
Мен кырғыз әндерін жакшы көремін
Қырғыз әндері аккардеон мен керемет сүйемелденеді
Рахмат казагым бар болгула
Скачать ету мүмкін емес қалай скачать етемін
Соонун чыгарма суйуп угамын Жан эргийтко чиркин.
Ооба жакты керемет ырлар жашагың ээй келет жашагың
Абдан сонун чыгармалар мин уксанда тажабайсын
Аксуубай атабаев дин ырдап
Гүлкайыр сенин мас болуп гүлүңдү жытап бир жолу
Сонун ыр баракелде
нчош