Көргөндө сенин карааныңды
Көзүмдү алып качамынбы
Айталбай сыр кылып сүйүү баянымды
Сүйүп барамынбы жамалыңды
Илебиң ширин таттуу балдан
Ирмебей көзүм тиктеп калгам
Мен үчүн агың баары арман
Жетпей калсам
Кайырма:
Суу өтпөйт тамагымдан
От өчпөйт жаратымдан
Өрттөнөм күйүп жанамында
Гүлдөйсүң жаңы ачылган
Мен үчүн жаратылган
Соолутпай сүйүп барамында
Сүйөмүн деп кайталап мен
Кучактап аймалап сен
Ойгончу менин кучагымда
Тагдырды талкалап сен
Качпачы башка жанга
Баталы сүйүү кумарына
Өзүңсүз жашоом токтоп калган
Ой басып буулугуп жок дарман
Сезимди айта албай кеткендир бир айлам
Алсыз алдан тайгам
Кезиктиң кайдан
Жүзүндөн жаркырап нур жанган
Сураймын жараткандан жардам
Жаныңды кулаткандай жардан
Болбо жамандардан
Ойго салган