Бар экен эсте баягы,
Бак чети айыл аягы.
Күн чыга ишке бараттык,
Күч алып шаттык баяны, баяны.
Жылдызы жанса маңдайда.
Жыргабай турган жан кайда.
Демейде бир топ узун жол,
Дегеле кыска андайда.
Айталбай сырдын түгөлүн,
Ачышып кетти жүрөгүм.
Кыйылып турдуң мени аяп,
Кылчактап аппак чүрөгүм.
Ишиңе калдың айрылып,
Кызматка кеттим мен дагы,
Кыскарган жолго кайгырып.
Андан соң көрдүм күзүндө,
Албырып шатык жүзүңдө.
Шаа жетпей турган кез экен
Шак ийип бышкан жүзүмгө
Байкалбай көп эл жайнаган,
Башталды сырлар кайрадан,
Гүлдөткөн сүйүү бутагын,
Гүл турмуш сенден айланам.
6 сап жазылбай калыптыр
Ишине калдын айрылып дан кийин Ишсиз деп барам айрылып жок экен