Кызгалдак ырын ырдайм кимдер угат
Кызгалдак сырын ырдайм кимдер угат
Кыз менен кызгалдактын тагдырынан
Обон салдым жүрөк ооруп баардыгынан
Үстүмдө көтөрүлгөн көпкөк асман
Назданып сүйгөнүмө бара жатсам
Алдымда бир кызгалдак соолуп жатыптыр
Кимдир бирөө өзөгүнөн кыя баскан
Мен гүлдү жыттачы элем мокум канбай
Бул жолу кызгалдакты кеттим карабай
Анткени чаң басыптыр булганыптыр
Мурдагыдай буркураган жыты калбай
Байсел Кадыркулов — Кызгалдак тексти
Датасы: 17.11.2020 Көрүүлөр: 727