Камчыбек экөөбүз токойду аралап баратканыбызда ме-
нин бутумдун алдынан ак чымчык «бырп» этип уча качты.
Анын артынан экинчиси учуп, туура туштагы бадалга барып конуп калды. Экөө тең куйруктарын сороңдотуп, тынчы кетип, «чыйк-чыйк» үн катышат. Биз улам алга баскан сайын чебеленип чырылдашат. Улам бир бадалдын бутагына коно калып, кайра учуп, биздин үстүбүздөн чарк айланышат.
«Буларга эмне болуп кетти?» ‒ деп биз эки жагыбызды абайлап карап бараттык. Камчыбек болсо:
‒ Түлкүнү көрө коюп коркуп жүрүшпөсүн? ‒ дейт.
Мен анын суроосуна жооп бербей, текгана:
‒ Алдыңды абайлап бас, дедим.
Аңгыча Камчыбек:
‒ Балапан экен! ‒деп эңкейип карай калды. Мен да аны көрө койдум.
Чөптүн арасында темир канат болоюн деп калган сары ооз балапан буттарын тарбайтып, чыйылдап жаткан экен. Камчыбек аны оң колу менен жерден ала коюп, сол алаканына салды эле, эне-атасы аны көрүп, ызылдап-тызылдаган бойдон биздин үстүбүздөн кайкып учуп жатышты. Алардын минт-
песке айласы барбы, балапаныбызга тийбегиле деп жатка-
ны да…
Биздин жардам кылалы дегенибизге түшүнбөй, ары-
бери чебелектеп учуп жүргөн чымчыктын бирөө Камчыбекти канаты менен башка кагып өттү.
‒ Булар жинди го!.. Мен силердин балапандарыңарга
зыян кылайын дегеним жок.
‒ Биз силерге жардам берели деп жатабыз. Жардам бербей, өлтүрүп коё турган душманыңар эмеспиз!.. Силердин андай душманыңар аз эмес, билебиз…
‒ Түлкү да жеп коёт, ‒ деди Камчыбек аларга нааразы
болгондой.
‒ Албетте. Бирок түлкүдөн башкасы деле толуп жатат.
‒ Багып албайбызбы? ‒ деди Камчыбек мага карап.
Анын көздөрүнөн балапанды аёо сезими көрүнүп турду.
Бирок ал мындай балапанды багып чоңойтуш эмне деген
түйшүк экенин, же такыр мүмкүн эмес экенин түшүнбөйт
окшойт.
‒ Жок, ‒ дедим мен. ‒ Мунун уясын издеп таап, ошого
салып коюшубуз керек. Уясы ушул эле жерде, издейли…
Камчыбек дарактардын, бадалдардын башын карап,
ары-бери элеңдейт. Анан калса ар бир бадал уядан куру
эмес. Мунун кайсы уядан түшкөнүн билиш да кыйын болду.
Балапан жакын эле жердеги уялардын биринен болуу керек деп, абайлап көз чаптырып жаттым. Аңгыча бир уянын оозунан чыйпылдап жаткан эки балапандын башын байкагандай болдум. Ошол уяга баягы ак каш чымчыктар-
дын бири коно калып жатканын көрүп калдык. Демек, бул балапан, сөзсүз, ошол уядан кулап түшкөн…
Камчыбек балапанды этияттык менен чөнтөгүнө салды да, даракка жармашып чыга баштады. Чымчыктар болсо жаналакетке түшүп чебелене беришти. Канаттарын дирилдетип, Камчыбекти тегерене учуп жатышты.
Камчыбек балапанды уясына жайгаштырып,кайра түшүп келди. Ошондон кийин гана ак каш чымчыктардын жаны тынып, тымтырс болуп калышты. Биз да балапанды өз дарегинен жаңылбай, туу-
ра жайгаштырып койгону-
бузга бекем ишендик.
Аңгыча булардын ата-энелери уяга ого бетер жакындап отура калышты эле, балапандардын баарысы моюндарын созуп, жабыла чыйпылдап жиберишти. Ошондо уянын ээлери түгөл чогулгандай болуп, бизге кандайдыр бир кубанарлык көрүнүш элестеле түштү.