Ала-Тоом, Ата Журтум, Мекен энем,
Ар убак сыймыктанам сени менен!
Абалтан ал койнунда жашап келдик,
Эл болуп ак калпакчан кыргыз деген.
Кайырма:
Намыска бек, тайманбас,
Нарктуу, барктуу элибиз.
Кен байлыгы толтура,
Кең Ала-Тоо жерибиз.
Ак көңүл, пейили кенен калкым менин,
Далилдеп түбү түптүү эл экенин.
Эки миң эки жүз жыл артка таштап,
Эсен-соо ушул күнгө жете келди.
Кайырма:
Ушундай жер бейишин тапканына,
Сыйынам ата-баба арбагына.
Манасты, Чыңгыз уулду берген улут,
Кубанам кыргыз болуп калганыма.
Бек Исраилов — Мекен энем тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 139