Кара мончок карагат,
Кандай болуп жаралат?
Жегинди эле келтирет,
Жеген сайын аралап.

Карагат, карагат,
Кара мончок карагат.

Тоого балдар барышат,
Тойгончо жеп алышат.
Кечте тарап келишип,
Томолонуп калышат.

Карагат, карагат,
Кара мончок карагат.

Биздин тоонун карагат,
Бышып турат салаалап.
Жей бер, бирок сындырба,
Ыйлатканын жарабас.

Карагат, карагат,
Кара мончок карагат.

Бир туугандар — Карагат тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *