Сүйүүнүн болду курманы
Тагдырдын болду жазганы
Жүрөктө калды жаракат
Ошол сүйүүмдүн арманы
Кайырма:
Толкуду жүрөк толкуду
Толкуду көлдүн толкуну
Ыйладым сыздап айла жок
Башкага болдуң колукту
Кыйнады сезим кыйнады
Эзилип жүрөк ыйлады
Таппадым дүйнө кыдырып
Бир да жан сендей чыкпады
Сагындым жаным сагындым
Сүйүүгө неге таарындын
Кандай бир жанга жар болуп
Кайсыл тагдырга кабылдын