Кичинекей менин жүрөгүм,
Көксөп күткөн анык тилегим.
Жыттап тойбойм, эркем жытыңа,
Ак жүзүңдөн күндө сүйөмүн.
Жаным бөбөгүм, сени өбөйүн.
Бардыгынан билсең, артык көрөмүн.
Кайырма:
Атасынын данеги, сен кызым,
Апасынын кареги, сен кызым.
Балбылдаган көздөрүңдөн,
Бакыт көрдүм, бүт ааламга тең кызым.
Өскөнүңдө гүлдөй ачылып,
Көрүү үчүн келем шашылып.
«Атакелеп» тоссоң алдыман,
Чарчаганым калат жазылып.
Асыл бөбөгүм, кызым жөлөгүм,
Үйүбүздү чон бакытка бөлөдүң.
Кайырма:
Данегим тексти, Нурлан Насип
Датасы: 27.03.2022 Көрүүлөр: 23486
Таптым
,,Атакелет Томсон алдыман,,
Оа
Оа
Оа жакты