Элесиң сенин, ширин демиң сенин
Кайрадан келбес болду менин жашоомо
Ширин сүйүүңсүз, сенин да таттуу сөзүңсүз.
Кечиргин мени, кечиргин жаным
Тамчыдай мен так калтырсам сенин назик жүрөгүңө.
Аруу таза ак сүйүүңө
Аппак карлар жаап жатты,
Алгачкы сүйүүбүз биздин баштагы.
Кусалыктан көңүлүм сыздады
Жазда келди, гүлдөр жайнап,
Сүйүшкөндөр жетелешкен жанымда,
Кайдасың жан эркем
Кайырма:
Сагындым сени,
Ыйладым сенсиз, күтөмүн эми канча?
Нурдуу көздөрүң, ширин сөздөрүн
Көрбөймүн эми кайра
Өзүңдү сүйдүм, кабыл албадың досукту шылтоо кыла
Азапта деле мен мажбур болдум
Кайыр кош деп айтышка
Кубанычтуу күндөр, кубалашкан түндөр,
Алып келсин назик күлкүңдү, мен сагынган дилиме.
Азапта жанган дилим менин куткарчы мени.
Эстетпе мага, жок эстетпе
Азап чегип жүрүп айткан сөздөрүмдөн бугун өзүм
Сени таппай кор болдум өзүм
Аппак карлар жаап жатты,
Алгачкы сүйүүбүз биздин баштагы.
Кусалыктан көңүлүм сыздады
Жазда келди, гүлдөр жайнап,
Сүйүшкөндөр жетелешкен жанымда,
Кайдасың жан эркем
Данияр Эрматов — Сагындым тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 2948