Эки кыйын киши жашаптыр. Алардын кыйындыгы акыл эмес, күчтүүлүгү, эр жүрөктүүлүгүндө экен. Булар бири-бирине өз эрдиктерин айтып мактанып, көп атаандашып, ага жараша көп урушчу болуптур.
Бир күнү алардын бирөөсү экинчисине мындай деди:
— Андай кыйын экенсиң, элдин баарын коркуткан желмогуз жашаган токойго барып түнөп келели, ошондо билинет кимибиздин эр жүрөк экенибиз!
— Жарайт! – экинчиси ойлонбостон макул болуп, ошол эле күнү кеч кире түнт токойго жөнөп кетишти.
Алар жандарына эч кандай курал албай, жалгыз гана эки кулачка жеткидей жип алышты. Токойдун түнт жерине жеткиче түн да кирип, айлана абдан коркунучтуу тарта түштү. Бири-бирине коркконун билдирбеген экөө сүйлөшкөн боюнча ала келген жиптери менен даракка бирден буттарынан бекем байланып жатып калышты.
Коркунуч көп күттүргөн жок, бир маалда укмуштуудай бир айбаттын үнү чыгып, белгисиз желмогуз бутактарды качырата сындырып, өздөрүн карай келатканы билинди.
— Сен коркуп аткан жоксуңбу? – биринчиси экинчисинен сурады.
— Жок! А сенчи, корккон жоксуңбу? – сыр алдырбай кайра өзүнө суроо узатты берки.
— Жок! Мен эмне, суу жүрөктөрдөн белем!
Ал эми алиги желмогуз уламдан-улам жакындай берди. Баатырсынган экөө кайра бири-биринен корккон коркпогонун сурашып, жанагындай эле жооп алышты. Желмогуз мурдагыдан да коркунучтуу болуп, ач айкырык салып жакын кирип келгенде экөө кың этип да үн чыгарган жок. Анткени алар корккон эс учтарын жоготушкан эле…
Таң атканда алардын бири эсине келип эки жагын караса, коркконунан качам деп жулунганда айланасындагы чөптүн баарын жулмалап, жерди бүт тытмалап салыптыр. Колунан болсо тамтык жок. Жүрөгү түшүп акыл-эсин жоготкондуктан аркандан бошонуп качуу да оюна келбесе керек. Тийбеген желмогуздан ушунчалык коркконуна уялган ал эсине келгиче берки жолдошу да баш көтөрүп, болгон ишти боолголоп, анын да бети кызарды.
Ошондон соң алар кыйынмын деп мактанганды коюп, акылсыздыктары үчүн уялып калышты. Анан бул окуянын дагы бир жакшы жери – ушундан кийин алар жакшы достордон болуп чыга келишти.